Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Ош мэриясы: Саркарбаевди кызматтан алуу маселеси каралат


Таалайбек Сарыбашов (Оштун мэри), Кылыч Саркарбаев жана Жапар Ормонов (Ош шаардык кеңешинин төрагасы).
Таалайбек Сарыбашов (Оштун мэри), Кылыч Саркарбаев жана Жапар Ормонов (Ош шаардык кеңешинин төрагасы).

Ош шаардык Спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаевди кызматтан алуу маселеси келерки жуманын башында каралат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. Буга спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун президентке видео кайрылуусу негиз болууда. Видео кайрылуу "Фейсбук" аркылуу 14-февралда таратылган.

Кайрылууда Рахманберди уулу Спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков баштаган топтон запкы көрүп жатканын айткан. Рахманберди уулу “бул тууралуу ооз ачсаң сенин жана Эмилбек Кимсановдун үстүнөн иш козготуп каматабыз" деп коркутушканын ырастайт. Нурбек Раимбеков кылмышка шектүү катары камалгандардын бири, Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын иниси.

Рахманберди уулунун президентке кайрылуусун Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы негизсиз, мурдагы көрсөтмөлөрүнө дал келбейт деп билдирди.

"Азаттык" Кылычбек Саркарбаевден жана Нурбек Раимбековдон азырынча комментарий ала алган жок. Президенттик аппарат бул кайрылууга азырынча жооп кайтара элек.

Ош облустук милициясы «Саркарбаев 2019-жылдын 22-сентябрында Ош шаарына жакын Фуркат айылында мурдагы милиция кызматкери, эрежесиз мушташ чебери Төлөгөн Рахманберди уулун аткан» деп маалымат тараткан. Кийин Рахманберди уулу өзүн өзү атып алганын айтып чыккан. Бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, териштирүү жүрүүдө.

Саркарбаев Ош мэриясынын Спорт комитетин 2015-жылдан бери башкарат. 2019-жылдын 27-декабрында Оштун мэринин жаштар үчүн уюштурган жаңы жылдык кечесинде «Жылдын мыкты жаш жетекчиси» наамы ыйгарылган. (DU)

XS
SM
MD
LG