"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров жергиликтүү шайлоонун алдында жарандар аймактардан келип, шаарларга чукул каттоого туруп жатышын мамлекеттик деңгээлдеги саясий коррупция катары баалады.
"Мындай окуя Кыргызстандын жаңы тарыхында болгон эмес", - деген Мадумаров бул көрүнүштү тез арада токтотууга чакырды жана жарандардан жоопкерчиликтүү болууну суранды.
Мадумаров буга байланыштуу видео кайрылууну 15-февралда таратып, бийликти соңку күндөрү шаарларга келип каттоого тургандардын баарын каттоодон чыгарууга үндөдү.
2020-жылдын 1-январынан 11-февралына чейин шайлоо өтө турган шаарларга аймактардан келип каттоого турган жарандар көбөйгөн.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов 13-февралда парламент жыйынында билдиргендей, Караколго 2797, Балыкчыга 489, Майлуу-Сууга 272, Токмокко 6950, Ошко 33 805 жаран аймактардан барып каттоого турду.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова мындай убактылуу каттоону жергиликтүү кеңештерге шайлоого камынган айрым саясий партиялар атайын уюштуруп жатканын айтып чыккан. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да буга тынчсыздануусун билдиришүүдө.
Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелинде өтөт.
Парламент депутаттары шаардагы бир үйгө жүздөгөн адамдарды каттоого тургуза берүүгө мыйзамда тыюу салынбай турганын белгилеп, муну тескеш үчүн токтом же кандайдыр эреже иштеп чыгуу маселесин көтөрүшкөн. (SE)