Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

Арызданган спортчунун жердештери да президентке кайрылышты


Төлөгөн Рахманберди уулу.
Төлөгөн Рахманберди уулу.

Спортчу, мурдагы милиция кызматкери Төлөгөн Рахманберди уулунун алайлык жердештери анын ишин президент өз көзөмөлүнө алып, териштирип берүүсүн суранып видеокайрылуу жолдошту.

Кайрылууну «Фейсбукка» жүктөгөн Нурсултан Мамыт уулу «Азаттыкка» берген маегинде видео Бишкекте тартылганын жана президентке кайрылуу үчүн айыл аксакалдары да келгенин айтты.

«Рахманберди уулу Алайдын Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Тектир айылынын тургуну. Айыл аксакалдары аны колдоп, Бишкекке атайын келишкен», - деди Мамыт уулу.

Төлөгөн Рахманберди уулу өзү да 14-февраль күнү президентке кайрылып, Оштогу Спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков баштаган топтон запкы көрүп жатканын айткан.

Саркарбаев муну кызыкдар тараптар атайын жасап жатканын билдирген. Раимбеков комментарий бере элек.

Ош шаардык милициясы Рахманберди уулунун кайрылуусу иликтенип жатканын маалымдады. Ош шаардык мэриясы Саркарбаевди кызматтан алуу маселеси кийинки аптада караларын билдирген. Президенттик аппарат кайрылууга азырынча жооп кайтара элек. (DU)

XS
SM
MD
LG