Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 10-апрель, 2020 Бишкек убактысы 08:32

Бажы кызматынын мурдагы кызматкеринин иниси президентке кайрылды


Эмирбек Кимсанов.

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун иниси Эмирбек Кимсанов президенттен жардам сурап видео кайрылуу жасады.

15-февралда “Фейсбукка” жарыяланган кайрылууда ал агасы Эмилбек Кимсанов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун басымынан улам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айтууда.

Эмирбек Кимсанов агасы коррупциялык иштерге катышуудан баш тартканы үчүн кысымга кабылганын белгиледи. Үй-бүлөсү коркутууга кабылып, учурда ар кайсы жерде бекинип жүргөнүн билдирди.

Анын алдында Эмилбек Кимсанов мамлекеттен чыгып кеткени жөнүндө маалыматтар тараган болчу. Ал жумуштан 2018-жылы кеткен.

Райымбек Матраимов бул кайрылууга байланыштуу азырынча комментарий бере элек. Анын бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов иниси Кимсанов жумуштан кетерден бир жыл мурда кызматын тапшырганын билдирди жана президентке жасалган кайрылууну кайсы бир күчтөр аларды каралоо иретинде атайын уюштуруп жаткан болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Матраимовдун кайрылууларга жообу
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:06 0:00

Президенттик аппарат да кайрылууга азырынча жооп кайтара элек. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (61)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG