Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Москвада Немцовду эскерген жүрүш өткөрүүгө уруксат берилди


Москва шаарынын мэриясы саясатчы Борис Немцовдун элесине арналган жүрүштү өткөрүүгө уруксат берди. Акция 29-февралда болот.

Москванын саясатына сын көз карашы менен таанылган Немцовду 2015-жылдын 27-февралында Москванын борборунда, Кремлге жакын жерде атып кетишкен. Анын өлүмү боюнча иште Чеченстандын беш тургуну күнөөлүү деп табылып, 11 жылдан 20 жылга чейин камалышкан. Бирок саясатчыны өлтүрүүгө буйрук бергендер табыла элек.

Немцовдун урматына алгачкы жүрүш ал өлтүрүлгөн эле жылы уюштурулган. Ага 50 миңден ашуун киши катышкан. 2019-жылы 8 миң киши чыккан. Бул жолу активисттер 30 миңдей адам катышарын маалымдашты. Акция Орусиянын башка шаарларында да болот.

XS
SM
MD
LG