Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:23

17-февралда тоолуу райондордо кар жаайт


17-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында, күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Ойдуң жерлерди туман каптайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күртүсү болот.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -1...-6,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...+3,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 4...9,

Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз +1...+6,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9, күндүз +1...+6,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -25...-30, күндүз -6...-11 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн -7...-9, күндүз 4...6 градус болот. Жаан-чачын болбойт.

XS
SM
MD
LG