Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

Өзбекстан: аткаминер Анжиян окуясында элге бийлик да ок атканын айтты


Анжиян, 2005-жыл, 17-май. Ошол кездеги президент Ислам Каримовдун жарнама тактага илинген сүрөтү.
Анжиян, 2005-жыл, 17-май. Ошол кездеги президент Ислам Каримовдун жарнама тактага илинген сүрөтү.

Өзбекстандын башкы прокурорунун орунбасары Светлана Артыкова 2005-жылдын 13-майында Анжиянда өкмөттүн куралдуу күчтөрү да элге ок атканын айтты. Бирок аткаминер ал окуяны негизинен жоочулардын террордук чабуулу катары сыпаттады.

Артыкова qalampir.uz басылмасына берген маегинде адамдарга ок атууга жоопкер деп табылган айрым аткаминерлер жазага тартылганын кошумчалады. Бирок кимдер жазаланганын ачык айткан жок.

Ушул күнгө чейин өзбек өкмөтү Анжияндагы тынчтык акциясына чыккандарды куралдуу жоочулар өлтүргөнүн айтып келет.

2005-жылдын 13-майында Өзбекстандын Анжиян шаарындагы кан төгүүдө, расмий маалымат боюнча, 187 киши өлгөн. Эл аралык коомчулук Анжиян апааты боюнча көз карандысыз текшерүү өткөрүүнү суранган, бирок Ташкент буга макул болгон эмес.

Ал күнү жергиликтүү жашоочулар демонстрацияга чыгып, Өзбекстанда тыюу салынган "Акрамий" кыймылынын мүчөсү, диний экстремист деп шектелген 23 ишкерди абактан бошотууну талап кылышкан. Ошондой эле экономикалык жана социалдык абалдын начардыгына нааразылык айтылган.

Аларга ок атыла баштаган учурда жүздөгөн киши Кыргызстанга качып өткөн. Алар бир нече күн Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын аймагында кыргыз өкмөтү жана эл аралык уюмдардын көмөгү менен баш калкалашкан. Көпчүлүгү Кыргызстандан чет өлкөлөргө чыгып кеткен.

Өзбекстанда мурдагы президент Ислам Каримов көз жумгандан кийин эски бийликтин учурундагы катаал саясат бир аз бошоңдоп, ал учурдагы айрым фактылар ачык айтыла баштады. (SE)

XS
SM
MD
LG