Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 10-апрель, 2020 Бишкек убактысы 08:59

Боснияда мигранттар полиция менен кагылышты


Босниядагы лагерде отурган мигрант. 14-февраль, 2020-жыл.

Босния жана Герцеговинада лагерде кармалып турган жүздөгөн мигранттар полиция менен кагылышты.

Маалыматтарга караганда, мигранттар жашаган жериндеги шартка жана кошуна Хорватиянын полициясы аларга каршы күч колдонгонуна нааразы болуп, лагерден кетүүгө аракет кылышкан.

Окуя 15-февралда Босниянын батышындагы Мирал деген жерде болгон. Ал жерде 700 кишиге ылайыкталган лагерде азыр миңге жакын киши бар экени айтылат.

Күбөлөрдүн ырасташынча, мигранттар "Эркиндик!", "Акчабызды кайтаргыла!", "Бизди урганды токтоткула!" деп кыйкырышкан. Полиция алардын айрымдарын кармап кеткен.

Мигранттардын айтымында, лагерден 10 км алыс жайгашкан Хорватия полициясынын өкүлдөрү аларды токмоктоп, кийимдерин, телефондорун тартып алышкан. Мындай окуя алар чек арадан өтүп жатканда болгону айтылууда. Бирок Хорватиянын расмий органдары муну четке какты.

Босниянын расмий маалыматтарына ылайык, 2019-жылы Пакистандан, Ооганстандан, Ирактан, Мароккодон жана Сириядан Европага умтулган 50 миңге чукул мигрант Босния аркылуу өткөн. Учурда Босниядагы ар кайсы лагерлерде 6 миңге жакын бозгун бар.

XS
SM
MD
LG