Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 9-апрель, 2020 Бишкек убактысы 00:10

«Бешинчи канал» менен «Пирамидага» бюджеттен 40 млн. сом бөлүнөт


«Пирамида» телеканалынын эн белгиси.

«Бешинчи канал» менен «Пирамида» телеканалдарына бюджеттен 40 млн. сом бөлүнөт. 17-февралда Маданият жана маалымат министрлигинин бул өтүнүчүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети жактырды.

Парламенттин расмий сайтындагы маалымат боюнча, финансы министринин орун басары Алмаз Азимов былтыркы жылдын бюджетинен ашып калган каражаттын эсебинен эки каналга 20 млн. сомдон бөлүп берилерин айткан.

«Бешинчи канал» 2005-жылы мурдагы президент Аскар Акаев бийликтен кулагандан кийин КООРТ каналынын базасында түзүлгөн. 2006-2009-жылы аны кийинчерээк апрель окуясы боюнча айыпталып, он жылга сырттан эркинен ажыратылган Оксана Малеваная башкарган. 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн декрети менен мамлекеттештирилген. 2011-жылы Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу максатында «"Бешинчи канал" жабык акционердик коому жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.

Бешинчи каналды жеке жактарга сатуу боюнча демилге утур-утур көтөрүлүп келет.

Кыргызстанда туңгуч эркин телеканал катары таанылган «Пирамида» мурдагы бийликтин тушунда колдон колго өтүп, 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.

2016-жылдын февралында ал парламенттин, башка бийлик бутактарынын, мамлекеттик органдар менен мекемелердин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат тарата турган телеканал болгон. Каналга Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылат. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (13)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG