Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча план бекитилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, анын алкагында коюлган милдеттер ушул жылдын ичинде аткарылат. Анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, зомбулуктун жагдайларын аныктоо сыяктуу чаралар бар. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга, мамлекеттик кризистик борборлорду түзүүгө бөлүнгөн каражатты көбөйтүү каралууда.

Бул иш-чараларды аткаруу Башкы прокуратурага, Жогорку сотко, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине, Ички иштер министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине, Билим берүү жана илим министрлигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жергиликтүү бийликке тапшырылды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматы боюнча, 2019-жылы Кыргызстанда 6145 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Анын ичинен 5752 аялга, 393 эркекке жана 168 жашы жете элек балага коргоо ордерлери берилген.

2020-жылдын январь айында өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан эки аял каза тапты. 1-январда Кочкор районунда 37 жаштагы аял, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан ажал тапкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG