Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Ооганстандын түндүгүндө талибдер беш жоокерди өлтүрдү


Кундуз провинциясындагы Куралдуу күчтөрдүн жоокери. 28-сентябрь, 2019-жыл.
Кундуз провинциясындагы Куралдуу күчтөрдүн жоокери. 28-сентябрь, 2019-жыл.

Ооган бийлиги өлкөнүн түндүгүндө «Талибан» кыймылынын жоочулары өкмөттүк күчтөрдүн базасын курчоого алып, кеминде беш жоокерди өлтүргөнүн билдирди. Бул кан төгүү Кошмо Штаттар менен «Талибан» кыймылы ооган жергесинде тынчтык орнотууну макулдашып жаткан маалда болду.

Чабуул 16-февралда Кундуз провинциясынын Шора Хак районунда коюлду. Анын алдында эле АКШнын коргоо министри Марк Эспер талибдер менен зордук-зомбулукту бир жумага токтотуу тууралуу макулдашууга жетишкенин билдирген.

17-февралда ооган коргоо министри «армиянын беш жоокери өлтүрүлүп, үчөө жарадар болду» деп билдирди. Министрлик талибдердин арасында да жоготуу бар экенин кошумчалады.

«Талибандын» басма сөз катчысы Забиулла Моджахед «Твиттердеги» баракчасына жоочулар өкмөттүк күчтөрдүн 19 жоокерин өлтүрүп, төрт оор аскердик техниканы жок кылып, бир топ курал-жарак жана башка жабдыктарды тартып алганын жазды.

Ооган аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла 17-февралда министрлердин жыйынында талибдер бир жумага зордук-зомбулукту токтотууга макул болгонун билдирди. 29-февралда Кошмо Штаттар менен «Талибан» тынчтык сүйлөшүүсүн «жыйынтыктай» турганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG