Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:45

Азербайжанда оппозициянын үч лидери жана 100дөн ашык активист кармалды


Баку, 16-февраль.
Баку, 16-февраль.

Кармалгандардын көбү ошол эле күнү коё берилди. Бул тууралуу оппозиция өкүлдөрү билдиришти.

16-февралда шайлоонун жыйынтыгы боюнча митингдин алдында «Реал» партиясынын лидери Илгар Мамедли, «Мусават» партиясынын лидери Ариф Гажили жана оппозициялык кыймылдын жетекчиси Руслан Иззатлы үйүндө же кеңсесинде отурган учурда кармалышкан.

Кийинчерээк алардын баары шаардан алыс аймактардагы чоң жолдорго коё берилген. Бул окуя боюнча оппозициялык кыймылдын лидери Руслан Иззатлы ИИМди сотко берерин билдирди.

«Мусават» партиясынын лидери Ариф Гажили милиция активисттерди автобуска салып кетип, шаардын 200-300 чакырым алыстагы ээн талаага алып барып коё бергенин кабарлады.

Борбордон кармалып, шаар четинде коё берилгендердин бири активист Мехман Гусейнов «Фейсбуктагы» баракчасына ээн жолдо отурган сүрөтүн жарыялады.

Азербайжан парламентине 9-февралда кезексиз шайлоо өткөн. Парламенттеги 145 орундун 72син президент Илхам Алиевдин «Жаңы Азербайжан» партиясы алган. Калган орундар Илхам Алиевге жакын майда партияларга жана өз алдынча жеке талапкерлерге тийген. Шайлоодон кийин Бакуда 11-февралда БШКга нааразы болгон 20дан ашуун активист кармалган.

Азербайжандагы парламенттик шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар шайлоо олуттуу мыйзам бузуу менен коштолгонун билдиришкен. 125 шайлоо участогунун добуштары жокко чыгарылган.

58 жаштагы Алиев Азербайжанды акыркы 17 жылдан бери башкарып келатат. (YI)

XS
SM
MD
LG