Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Бөрүбаев өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Назирбек Бөрүбаев өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары - өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бөрүбаев Ташкенттеги ТИИИМСХ институтун инженер-жер пландоо адистиги боюнча аяктаган. Ал эмгек жолун 1969-жылы Лейлек районунда башталгыч класстын мугалими болуп баштаган. Кийин ушул эле райондо ар кандай кызматтарда иштеп, 1996-1999 – жылдары Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы болгон.

2013-жылдан бери «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик долбоорлоо институтунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк аймактык бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп келаткан.

Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча мурдагы атайын өкүлү Курбанбай Искандаров мамлекеттик этика талаптарын бузганы үчүн былтыр апрель айында кызматтан алынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG