Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:00

Алайда жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип, эки киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 9-класста окуган кызды зордуктоого шектелгендер кыздын айылдаштары болуп чыккан. Алардын бири 37 жашта, экинчиси 25 жашта. Ош ОИИБнын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, зордуктоо эки башка күнү - 9-февралда жана 12-февралда болгон:

«13-февралда 1957-жылы туулган А.Э. 16 жаштагы кызы зордукталганы боюнча милицияга кабар берген. Бул иш боюнча 1983-жылы жана 1995-жылы туулган жарандар кармалды. Алар окуучу кызды аны тааныган балдар аркылуу чакыртып алып, ээн талаага алып барып зордукташкан. Бирөө 9-февралда зордуктаса, экинчиси 12-февралда зордуктаганын мойнуна алышты. Учурда экөө 48 саатка камакка алынып, Жазык кодексинин 161-беренеси ("Зордуктоо") боюнча кылмыш иши козголду».

Маалыматка ылайык, кыз психикалык жактан жабыркары аныкталган. Кыздын туугандары ал мурда да бир нече жолу зордукталган болушу ыктымал деп шектенишүүдө. Милиция бул боюнча да иликтөө жүргүзүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG