Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:17

Нур-Султанда ондогон адам митингге чыкты


Нур-Султанда митингге чыккандар, 17-февраль, 2020-жыл.
Нур-Султанда митингге чыккандар, 17-февраль, 2020-жыл.

17-февралда Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда ипотекалык карызын төлөй албаган жана соттордун чечимине нааразы болгон 60ка жакын адам акцияга чыкты. Алар мурдагы президент Нурсултан Назарбаев, анын тун кызы, Сенаттын төрайымы Дарига Назарбаева жана президенттик администрациянын жетекчиси Ерлан Кошанов менен жолугушууну талап кылышты. Чогулгандар көтөргөн маселелери ар башка болгону менен аларды бир гана бийлик чече аларын айтып чыгышты.

Алар президенттин резиденциясына барууга аракет кылышты. Бирок Нур-Султандын полициясы жолду тороп, митингчилерди "Акордо" тарапка өткөрбөй койду. Бул акция президент Касым-Жомарт Токаев Германияда иш сапары менен жүргөндө болду.

Бир жыл мурда Казакстанда бир үй-бүлөнүн беш кызы үйдө чыккан өрттөн чарчап калгандан бери жалгыз бой энелерге жөлөк пулду көбөйтүү сыяктуу социалдык талаптарды койгон акциялар токтобой келет.

XS
SM
MD
LG