Германияда чечен тектүү грузин жараны Зелимхан Хангошвилини өлтүргөн Вадим Соколов ФСБнын "Вымпел" атайын базасында даярданганы тууралуу Der Spiegel немис журналы, орусиянын The Insider басылмасы жана Bellingcat иликтөөчүлөр тобу биргелешкен иликтөөсүндө айтылды.
Иликтөөдө, кылмышкер Зелимхан Хангошвилинин көзүн тазалоо үчүн Европага аттанардан мурун Орус ФСБсынын антитеррордук башкармалыгына бир нече жолу барганы аныкталган. Мунун баары Соколов Орусияда колдонуп жүргөн телефон номуру аныкталгандан кийин ачыкка чыккан. Иликтөөчүлөр телефон номур аркылуу Соколов дайыма барып жүргөн жерлерин жана кимдер менен канча жолу байланышта болгонун толук аныктап чыгышкан. Анда ФСБнын мурунку кызматкери Эдуард Бендерский менен абдан көп жолу телефон аркылуу байланышканы билинген.
Хангошвили экинчи чечен согушунда орус кошуундарына каршы куралдуу топтун командири болгон. Кийинчерээк Грузиянын атайын кызматтары менен иштешкен. Европага келгенден кийин Чеченстандын президенти Кадыровду сындаган блогдорду чыгарып турган.
2019-жылдын декабрында Германия канцлери Ангела Меркель Орусиядан Зелимхан Хангошвилинин өлүмүнө тиешеси бар адамдар тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарууну талап кылган. Орус бийлиги жана ФСБ сөз болуп жаткан кылмышка бийликтин тиешеси жоктуган билдирген. (YI)