Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 2-апрель, 2020 Бишкек убактысы 19:29

Алишер Абдрахманов өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп дайындалды


Баткен.

Тиешелүү буйрукка 18-февралда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүк аппарат кабарлады.

Алишер Абдрахманов Баткен облустук аппаратынын эмгек жамаатына бүгүн тааныштырылат.

Жаңы дайындалган өкүл 58 жашта. Баткен облусунун Баткен районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик (азыркы Жусуп Баласагын атындагы улуттук) университетинин юридика факультетин аяктаган.

Негизинен ички иштер тармагында иштеген. 2001-2002-жылдары Баткен облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп турган.

2012-2013-жылдары Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо кызматынын Баткен облустук башкармалыгын жетектеген.

2015-жылы «Республика» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

2016-2018-жылдары өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеген. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (13)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG