Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:59

Кыргызстандын эң кымбат футболчусу «Торпедо-Москва» клубунда ойнойт


Валерий Кичин.
Валерий Кичин.

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын капитаны Валерий Кичин орусиялык «Торпедо-Москва» футбол клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу клубдун сайтында жарыяланды.

Кичин жаңы клуб менен ушул жылдын аягына чейин келишим түзгөн.

Буга чейин Кичин Беларустун «Динамо-Минск» футбол клубунун катарында ойноп, 2020-жылдын 12-февралында келишимин токтоткон. Ага чейин үч жыл катары менен орусиялык «Енисей» клубунда Орусиянын улуттук жана премьер-лигаларында ойногон.

Эл аралык «Трансфер маркет» (www.transfermarkt.com) басылмасы Валерий Кичинди былтыр 1,5 миллион еврого баалаган жана ал азыркыга чейин Кыргызстандагы эң кымбат футболчу болуп эсептелет.

«Торпедо-Москва» футбол клубу Орусиянын улуттук лигасында ойнойт жана учурда 20 команданын ичинен экинчи орунду ээлеп турат. (GT)

XS
SM
MD
LG