Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Түркияда Кожогелди Култегиндин сегиз китеби жарык көрдү


Кожогелди Култегиндин сегиз китеби.
Кожогелди Култегиндин сегиз китеби.

ТҮРКСОЙ уюму тараткан маалыматка караганда Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин сегиз китеби Түркияда жарык көрдү.

Алардын ичинде акындын чыгармаларынын беш томдук жыйнагы бар. Андан тышкары түрк тилинде «Бурса чынары» («Bursa Çınarı»), казак тилинде «Жүрөк конуш» (Жүрек – коныс») китептери жарык көрдү.

Дагы бир китеби түрк дүйнөсүнүн жети тилине (азербайжан, казак, кыргыз, өзбек, түрк, саха (якут), башкыр) которулган ырлар жыйнагы «Дүйнө алаканда» («Avuçtaki Dünya») деген ат менен чыкты.

Аталган китептер акындын 60 жылдык мааракесине арналып, Евразия жазуучулар бирикмесинин, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жана Анкара шаарындагы Этумесгут райондук муниципалитетинин колдоосу менен басылып чыкты.

ТҮРКСОЙдун маалыматына караганда, Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин 60 жаш мааракеси Анкара шаарында 18-февралда белгиленет. Мааракелик иш-чараны Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги менен ТҮРКСОЙ уюму биргелешип уюштуруп жатат. Ага Кыргызстандан делегация катышат.

Кожогелди Култегин - Кыргызстандын ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы өкүлү.

XS
SM
MD
LG