Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:40

Улуттук госпиталда эгиз төрөгөн 19 жаштагы келин каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда 19 жаштагы келин каза болду. Факт 17-февралда катталган. Бул маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Улан Жумаков ырастады.

Баштапкы маалыматтар боюнча келин бир ай мурун Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эгиз төрөгөн. Ден соолугуна байланыштуу дарыгерге көрүнүш үчүн Улуттук госпиталга келген.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Буга чейин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Бишкектеги №6 төрөт үйүндө мындан үч ай мурун эгиз төрөгөн 19 жаштагы келин каза болгонун жазышкан.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги аталган төрөт үйүндө 17-18-февраль күндөрү эч ким каза болбогонун, маалымат такталып жатканын кабарлаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG