Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Жээнбеков: Ишкерлер инвестиция сыртка кетип жатканын айтышууда


Президент Сооронбай Жээнбеков бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смитти кабыл алды.
Президент Сооронбай Жээнбеков бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смитти кабыл алды.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишкерлер Кыргызстанда бизнес чөйрөсүндө абал начарлап, өлкөдөн инвестиция кетип жатканына даттанганын билдирди. Бул тууралуу ал 18-февралда бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смитти кабыл алганда айтты.

Президент Жээнбеков ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосундагы талаш-тартыштарды сотко чейин чечүү жолдорун жакшыртуу керектигин да кошумчалады.

Жергиликтүү элдин каршылыгынан улам Ат-Башы районуна 280 млн. доллар жумшалат деп жаткан логистикалык борбор курулбай калды. Борборду салганы жаткан «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» мындай чечимди 17-февралда кабыл алды.

Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешке караштуу Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин акыркы жыйынында Жээнбеков укук коргоо жана мамлекеттик текшерүүчү органдар коррупция менен күрөшүүнү шылтоо кылып, бизнестин иштешине негизсиз тоскоолдуктарды жаратып жатканын билдирген.

Робин Орд-Смитти бизнес-акыйкатчы кызматына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын август айында дайындаган. Ага чейин ал Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси болуп иштеген. Ишкерлердин укугун коргоого багытталган бизнес-акыйкатчы институтунун ишмердиги үчүн каражатты Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкы бөлөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG