Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:05

Балбан Азат Салидинов Азия чемпионатынын финалына чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык балбан Азат Салидинов ушу тапта Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатынын финалына чыкты.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматына ылайык, Салидинов бүгүн, 18-февралда грек-рим күрөшүнөн 87 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, финалга жолдомо алды.

Жарым финалдык беттеште Азат ирандык балбан Бехрус Мохаммадали менен күч сышанып, 7:0 эсебинде жеңилип жаткан. Беттештин бүтөрүнө 6 секунд калганда ирандык балбан жаракат алып, Азат Салидинов жеңүүчү деп табылды жана финалда күрөшмөй болду.

Ага чейин Азат финалдын 1/8 бөлүгүндө тажикстандык Шухрод Абдулхаевди 4:2, чейрек финалда ирактык Аббас Шаалан Абдулхакимди 9:0 упай менен женди.

Алдыда кыргыз балбаны алтын байге үчүн индиялык Кумар Сулих менен күч сынашат.

Азат Салидиновдон сырткары дагы төрт кыргызстандык балбан килемге чыгып, Тынар Шаршенбеков (63 кг) менен Сардарбек Конушбаев (55 кг) алгачкы кармаштарында жеңилип, мелдештен четтеди.

Ал эми Ринат Ильяс уулу (77 кг) менен Роман Ким (130 кг) коло байге үчүн күч сынашат. (GT)

XS
SM
MD
LG