Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Курулуш агенттиги менен Мамэкотехинспекцияга жаңы жетекчилер дайындалды


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев кызматтан кетип, анын ордуна Урматбек Көкөчаров дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен Мырзабек Жыпаркулов Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору болуп дайындалды.

Мамэкотехинспекциянын мурдагы жетекчиси Жолдошбек Жунушев менен Курулуш агенттигинин мурдагы башчысы Бактыбек Абдиев президент Сооронбай Жээнбековдун сынынан кийин кызматтан алынды.

Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин акыркы жыйынында Жунушевди ал жетектеген мекемеде коррупциялык иштерге жол бергени үчүн, ал эми Абдиевди курулуш тармагындагы тоскоолдуктар ишкерликти өнүктүрбөй жатканын айтып сындаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG