Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Мамкаттоо кызматы үч шаардагы тиешелүү жетекчилерин иштен убактылуу четтетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик каттоо кызматы Ош, Токмок жана Каракол шаарларынын паспорттоштуруу жана жарандарды каттоо бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызматтарынан убактылуу четтетти.

Мамкаттоо кызматы 18-февралда кабыл алынган мындай чечимди жарандарды каттоо агымынын акыркы кездери көбөйүшү жана ага байланыштуу кызматтык териштирүү жүрүп жаткандыгы менен негиздеди.

Ош шаарында ушул жылдын январь айынан 13-февралга чейин 35 895 (былтыр ноябрь-декабрь айларында 3079 адам), Токмок шаарында 6745 (былтыр ноябрь-декабрь айларында 714 адам) жана Каракол шаарында 3159 киши (былтыр ноябрь-декабрь айларында 345 адам) каттоого турду.

Ал эми шайлоо өтчү Балыкчы менен Майлы-Суу шаарларында мындай көрүнүш байкалган жок.

Ошто убактылуу каттоого тургандардын көбөйүшү жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары студенттерден каттоого туруш үчүн паспортторун талап кылганы тууралуу маалыматтарды Ош шаардык милициясы «Добуш сатып алуу» беренеси менен иликтеп жатат.

17-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жабык өткөн жыйынында Ошто бир эле үйгө 1300 киши катталганы ачыкка чыккан.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелинде өтөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG