Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:09

Кыргызстанга киргендер жалпы жарандык паспортун көрсөтүүгө милдеттүү


Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик чек ара кызматы бул өпкөнү кагынткан жугуштуу илдеттин жайылышынын алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, мындай талап өлкөнүн бардык чек ара өткөрмө бекеттеринде киргизилген. Биометрикалык ички паспорту бар кыргызстандыктар электрондук эшик аркылуу өткөн учурда да чек арадагы көзөмөлдөөчү кызматкерге жалпы жарандык паспортун көрсөтүүгө милдеттүү. Жалпы жарандык паспорту жок жарандар анкета толтурушат жана кошумча текшерүүдөн өтүшөт.

«Саламаттык сактоо министрлигинин талабына ылайык, Кыргызстанга сырттан кирген бардык адамдар термометриядан өтүп, дем алуу органдарынан лабораториялык анализ алынат. Кытайдан кирген жарандар кылдат текшерилип, карантинден өтүү жана ар тараптуу иликтөө үчүн атайын жайларга жайгаштырылат», - деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик чек ара кызматы бардык өткөрмө бекеттер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын, жугуштуу оорунун алдын алыш үчүн бардык зарыл чаралар көрүлгөнүн билдирүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда ооруга чалдыккандар жок. Сырттан киргендерди кабыл алуу жана жайгаштыруу пункттарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 413 орун даярдаган. «Торугарт» өткөрүү пунктунда 100, «Эркечтамда» 100, «Манас» эл аралык аэропортунда 183, Ош шаарындагы аэропортто 30 керебет камдалган.

«​World of Cruising»​ журналы «Diamond Princess» кемесинде дагы 67 киши вирусту жугузуп алганын, арасында Кыргызстандын бир жараны бар экенин жазган. Бирок Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты четке кагып, лайнердеги мекендеш менен 6-февралдан бери байланышта экенин, ал эсен-соо экенин маалымдады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG