Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:41

Абдрахмановду колдогон КСДП Балыкчыда жыйын өткөрүүдө


Сагынбек Абдрахманов.
Сагынбек Абдрахманов.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Сагынбек Абдрахмановду жетекчи катары тааныган бөлүгү 19-февралда Балыкчы шаарында жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» Абдрахманов өзү билдирип, күн тартибиндеги маселелер тууралуу маалымат берген жок.

Абдрахманов жакында берген видеомаектеринин биринде КСДПнын парламенттеги бийликти жактаган депутаттары "Биримдик" саясий партиясына тымызын өтүп жатат деп, муну чыккынчылыкка теңеген.

КСДПнын катарынан 2017-жылы чыгарылган Сагынбек Абдрахманов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Юстиция министрлиги аны 2019-жылдын 18-апрелинде КСДПнын лидери катары каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары бул аракеттин артында бийлик турат деп эсептеп, Юстиция министрлигинин чечимине укуктук баа берүүнү сурап Башкы прокуратурага кайрылышкан.

Ошол эле жылдын жазында, 6-апрелде Бишкекте партиянын Атамбаевди колдогон мүчөлөрү жабык съезд өткөрүп, саясий кеңештин курамы өзгөргөнүн жарыялашкан.

Быйыл январь айында сот Абдрахмановдун Атамбаевдин съездин мыйзамсыз деп таануу тууралуу арызын карабай койгон.

КСДПнын фракциясы Жогорку Кеңеште көпчүлүктү түзөт жана буга чейин Кыргызстандагы ири саясий партия деп саналып келген. Ал 1993-жылы негизделген. Анын лидери, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын август айында кармалып, Кылмыш кодексинин «Коррупция» баштаган бир нече оор беренелери менен айыпталып, камакка алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG