Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Карачиде кеминде 14 киши болжол менен газга ууланып өлдү


Карачи шаары. 18-февраль, 2020-жыл
Карачи шаары. 18-февраль, 2020-жыл

Пакистандын Карачи шаарынын бийлиги кеминде 14 киши зыяндуу газга ууланып өлгөнүн билдирди. Дагы жүздөгөн киши жакшы дем ала албай, көздөрү ачышканын айтып ооруканаларда дарыланууда.

Камари районунун жетекчилиги жергиликтүү жашоочулар 16-февралдан бери өздөрүн жаман сезе башташканын ырастоодо. «Associated Press» агенттиги ооруканадагы дарыгерлерге шилтеме кылып маалымдагандай, ушу тушка чейин 650дөй киши жардам сурап кайрылган. Ал райондогу элди башка жерге көчүрүү пландалууда.

Бийликтин маалыматына ылайык, газ кайдан чыгып жатканы белгисиз, бирок саботаж деген версия тастыкталган жок. Уулуу булакты аныкташ үчүн порттун химиялык жана биологиялык департаментинин адистери тартылды.

XS
SM
MD
LG