Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Казакстанда жаңы партияны түзүүчү топ тоскоолдук болуп жатканын билдирди


Жанболот Мамай жана демилгечи топ. Алматы, 19-февраль, 2020-жыл.
Жанболот Мамай жана демилгечи топ. Алматы, 19-февраль, 2020-жыл.

«Казакстан демократиялык партиясын» түзүүнү көздөгөн топтун мүчөсү Жанболот Мамай партияны уюштуруучу курултайдын ордуна тарапташтарын митингге чыгууга үндөдү. Мындай билдирүүнү Мамай 19-февралда «чукул басма сөз жыйынында» жасап, демилгечи топ катуу кысымга туш болуп жатканын белгиледи. «Биз көчөгө чыгып, бийликтен демократиялык партияны каттоодон өткөрүүнү талап кылышыбыз керек. Башка аргабыз калган жок», - деди саясатчы.

Мунун алдында 22-февралга пландалган курултайга катышуу үчүн партиянын Алматыга бараткан ондогон тарапташтары кармалганы маалымдалган.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Марат Кожаев ал кармалгандар тууралуу кабары жок экенин шаршембиде айтты.

Казакстандын мыйзамдарына ылайык, бир миңден кем эмес делегаттын катышуусундагы уюштуруучу жыйын өткөрүлмөйүнчө, партияны каттоо мүмкүн эмес. Делегаттар облустардын үчтөн эки бөлүгүнөн болууга тийиш. Ошондой эле партиянын 40 миңден аз эмес мүчөсү болушу керек.

XS
SM
MD
LG