Блогер Элмирбек Сыдыманов тергөө абагындагы шартка нааразылыгы жок. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Кыйноого каршы улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди.
Анын айтымында, мекеменин кызматкерлери Сыдыманов менен 19-февралда жолугуп чыгышты.
«Балдар өзү менен жолугуп чыгышты. Эч кандай адамкерчиликсиз мамиле, кыйноо болбогонун айтты», - деген Сулайманов блогер отурган камерада дагы эки киши бар экенин кошумчалады.
Сыдыманов аймак аралык кастыкты козутуу боюнча шектүү катары эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды.
Анын адвокаттары бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп шаардык сотко арыз беришкени маалым болду.
Бул окуя вайнерлер менен блоггерлердин чыгармачылык эркиндиги жана жоопкерчилиги тууралуу теманы күн тартибине чыгарды. (RK)