Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

Иранда коронавируска чалдыккан эки киши аныкталды


Коронавирус боюнча шек саналгандар үчүн карантин борбору. Тегеран, 5-февраль, 2020-жыл.
Коронавирус боюнча шек саналгандар үчүн карантин борбору. Тегеран, 5-февраль, 2020-жыл.

Иран бийлиги коронавируска чалдыккан эки киши аныкталганын билдирди. COVID-19 вирусу бул өлкөдө биринчи жолу катталды. ИСНА маалымат агенттиги 19-февралда жазганына караганда, саламаттык сактоо министри Киянуш Жаханпур илдетти жугузуп алган деп шек саналган бир нече кишинин анализдери текшерилгенде экөөндө вирус чыкканын билдирди. Министр дагы бир нече тесттин жыйынтыгын күтүп жатышканын, даяр болору менен маалымат берилерин кошумчалады.

Маалыматка караганда, вирус табылган Ком чөлкөмүнө адистер жөнөтүлдү. Шек саналган адамдар карантинге алынды. Иран вирустун жайылышына жол бербеш үчүн буга чейин аэропорттордо текшерүүнү күчөткөн.

Кытайдын өзүндө бул илдеттен каза тапкандардын саны 2 миң адамдан ашты, вирус жугузуп алгандардын саны 74 миң кишиге жетти.

XS
SM
MD
LG