Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Жээнбеков: Бардык партияларга бирдей мамиле кылам


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген бардык партияларга карата бирдей мамиледе болорун айтты. 20-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып мамлекет башчысы «бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылыш үчүн шайланып келгенин» белгиледи:

«Мен бардык партияларга карата бирдей мамиледе болом. Жалпы элге кызмат кылуудамын. Шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун, мамлекеттин кызыкчылыгында чогуу иштегенге даярмын».

Кыргызстанда 250дөн ашык саясий партия Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн. Парламенттик шайлоо быйыл октябрь айында өтүшү керек. Ага чейин 12-апрелде беш шаарда жана бир нече айылда жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жакында бийликти өз партиясын ачык жарыялоого чакырган.

Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар «Биримдик» партиясы менен шайлоого барары кабарланды. Ал бийликтин партиясы катары сыпатталып жатат. Бирок өзүлөрү азырынча тизме түзүлө элек экенин айтышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG