Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

АКШнын мамкатчысы Сауд Арабиясынын жетекчилиги менен жолугат


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Сауд Арабиясынын падышасы Салман менен.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Сауд Арабиясынын падышасы Салман менен.

Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү кабарлашты. Помпео Сауд Арабиясынын падышасы Салман, анын баласы, мураскер Мухаммед бен Салман жана тышкы иштер министри Фейсал бен Фархан менен жолугуш үчүн Эр-Рияд шаарына 19-февралда барды.

Помпео Сауд Арабиясына жөнөп жатып, «Биз Ислам Иран Республикасы жаратып жаткан коркунучтарды талкуулоого көп убакыт бөлөбүз», - деп билдирди.

Иран 2015-жылы өзөктүк курал боюнча келишимден чыгып кеткен. Ага жооп кылып, АКШ Иранга каршы каржылык санкцияларды киргизген. Вашингтон менен Тегерандын чатагында Эр-Рияд АКШнын күчтүү өнөктөшү болуп келатат. Сауд Арабиясындагы суннит мусулмандар Жакынкы Чыгыштагы таасир үчүн шииттер башкарган Иранга каршы күрөшүп келет. Ал эми ушул учурда Иран бийлиги Йемен бийлигине каршы чыккан шиит көтөрүлүштөрдү көмүскөдөн колдоп турат. Сауд Арабиясы Йемендин расмий бийлигин колдойт.

«Йемендеги шииттерди акыркы беш жылдан бери курал-жарак менен камсыз кылып жатат» деп АКШ Иранды айыптап келет. Иран Йеменге курал жибергенин мойнуна алган эмес.

Эл аралык коомчулук тааныган Йемен бийлиги 2014-жылдан бери шиит көтөрүлүшчүлөр менен күрөшүп келет. (YI)

XS
SM
MD
LG