Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 9-апрель, 2020 Бишкек убактысы 19:05

Өзбекстанда өзүн өзү өрттөгөн аял тирүү калды


Алим Мустафаев.

19-февралда Өзбекстандын Кашка-Дарыя облустук прокуратурасынын алдында өзүнө өзү өрт койгон аялды куткарып, атасынын денеси күйдү. Атасы куткарып калган Мукадас Мустафаева үйүнүн сүрдүрүлүшү боюнча райондук жана облустук прокуратурага жазган арыздарга эч ким көңүл бурбаганынан улам өзүнө өзү кол салууга аргасыз болгонун айтууда.

Кызын куткармакчы болуп өзүн өрт чалган 60 жаштагы Алим Мустафаев: «Кызымдын үйү үчүн бир жылдан бери күрөшүп келе жатабыз. Бирок майнап чыккан жок. Эми бийлик үйдү сот аркылуу сүрдүргөнү калды. Аны куткарам деп жатып өзүм күйүп калдым», - деди.

Өзбекстанда айылдарды жаңылоо программасы элдин катуу каршылыгына кабылууда. Маселен, 14-февралда Сурхандарыя облусунда эл менен полиция кагылышкан. Ушул жылдын 21-январында ошол эле облуста үйүн коргогон аял укук коргоо органына бензин чачып өрттөөгө аракет кылган.

Ошол эле 21-январь күнү Анжиян облусунда үйүн коргоп, укук коргоо органдарынын көзүнчө өзүн-өзү өрттөгөн 31 жаштагы жаран ооруканада каза болгон. (YI)

XS
SM
MD
LG