Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 8-апрель, 2020 Бишкек убактысы 05:13

ФИФАнын мурунку баш катчысы Жером Вальке коррупцияга айыпталды


Жером Вальке. 30-май, 2015-жыл.

Швейцариянын башкы прокурору дүйнөнүн эң башкы футбол уюму - ФИФАнын мурунку баш катчысы Жером Валькени жана француз ПСЖ футбол клубунун президенти Нассера Ал-Хелаифини коррупцияга байланыштуу айыптады. Бул тууралуу «Reuters» маалымат агенттиги кабарлады. Сөз Италия менен Грекияда өткөн дүйнө чемпионатын көрсөтүү укугун телекомпанияларга берүүдөгү коррупция тууралуу болуп жатат.

Вальке пара алууга, өз бийлигинен пайдаланып жасалма документ даярдаган деп айыпталса, Ал-Хелаифи Валькени азгырып, мыйзамсыз аракеттерге түрткөн деп шек саналууда.

Жыл башында иликтөөчү журналисттердин бирикмеси жана «Mediapart» басылмасы Вальке менен Ал-Хелаифиге таандык деген каттарды жарыялашкан. Ал каттарга таянган журналисттер ПСЖнын президенти Валькеге пара берген деген тыянакка келишкен. Тагыраагы ФИФАнын баш катчысы медиа укуктарды бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, Сардиниядан кыймылсыз мүлк алган деп шек саналууда.

«Reuters» маалымат агенттиги «ал каттар 2022-жылы дүйнө чемпиондугу кайсы жерде өтөрүн тандоодо Футбол ассоциациясынын жетекчилигинин арасындагы коррупцияны далилдеши мүмкүн» деп жазды.

2012-жылы өткөн чүчүкулактан дүйнө чемпиондугун өткөрүү укугун Катар утуп алган.

Бул доо боюнча футбол дүйнөсүнүн жогорку кызматтагы 14 аткаминери айыпталууда. Журналисттер дүйнө чемпиондугун өткөрүү укугун Орусия менен Катар утуп алганы да кокустук эмес деп эсептешет. Алардын пикиринде, эки өлкө тең дүйнөлүк мелдешти өткөрүү укугун акчанын күчү менен алган. Мисалы, Катарда таптакыр футбол инфратүзүмү жок болчу. Салттуу түрдө жайында башталчу дүйнө чемпиондугу эми ноябрь-декабрда өткөнү турат.

Вальке ФИФАнын баш катчылыгына 2007-жылы келген. Ал Бразилияда 2014-жылы өткөн дүйнө чемпионатына билеттерди сатууда коррупцияга байланыштуу шек саналып, 2016-жылы иштен айдалган.

XS
SM
MD
LG