Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Президент Трамптын мурдагы кеңешчиси Рожер Стоун соттолду


Рожер Стоун Вашингтондогу сотто. 20-февраль, 2020-жыл.
Рожер Стоун Вашингтондогу сотто. 20-февраль, 2020-жыл.

20-февралдагы АКШда соттун чечими менен Стоун үч жыл, төрт айга эркинен ажыратылды. Ал Конгрессте жалган маалымат берген жана күбөлөргө кысым кылган деп айыпталды.

Стоунга коюлган айып атайын прокурор Роберт Мюллердин АКШдагы шайлоого Орусиянын кийлигишүүсүн иликтөө иштерине байланыштуу. Мурдараак бул иш боюнча Трамптын шайлоо штабынын бир нече мүчөсү кармалган.

Стоунга коюлуп жаткан айыптардын негизгиси - ал Конгресстин Өкүлдөр Палатасында өзүнүн «WikiLeaks» сайты менен байланышы болбогонун айтканы. Иликтөө Стоун аталган сайттын ээсинде Демократиялык партияга таандык серверден уурдалган документтер бар экенинен кабардар болгонун аныктаган.

Прокурорлор 67 жаштагы Рожер Стоунду 7 жылдан 9 жылга чейин эркинен ажыратууну суранышкан. Бул президент Трампка жаккан эмес. Башкы прокурор Уильям Барр өкүм тууралуу сунушту кайра карап чыгууну тапшырган соң, ишти карап жаткан төрт прокурор кызматтан кетүүгө арыз жазышкан.

Демократтар Трампты сот ишине кийлигишип жатат деп айыпташкан. Башкы прокурор кысым болбогонун билдирген.

XS
SM
MD
LG