Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 7-апрель, 2020 Бишкек убактысы 03:21

Ирак менен Кувейт коронавирустан улам Ирандын жарандарына эшигин жапты


Иллюстрациялык сүрөт.

Ирактын чек ара башкармалыгынын 20-февралдагы маалыматына караганда, кеминде үч күн аралыгында ирандык туристтерге өлкөгө кирүүгө тыюу салынат. Мындан тышкары Ирандан кайткан ирактыктар да кылдат текшерүүдөн өткөрүлөт. Улуттук «Ирак аба каттамдары» компаниясы да Иран менен болгон каттамдарын убактылуу токтотту. Бул кадамга Ирак бийлиги Иранда коронавирус жугузган эки адам өлгөнү тууралуу маалыматтан кийин барды.

Миллиондогон ирандык жарандар Ирактагы шиит мусулмандарынын ыйык жерлерине зыяратка барышат.

Коронавируска байланыштуу Кувейт да Иран менен каттамын чектеди. Улуттук KUNA маалымат агенттиги эки өлкөнүн ортосундагы деңиз каттамдары токтотулганын 21-февралда кабарлады. 20-февралда «Kuwait Airways» аба компаниясы өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин сунушунан улам Иран менен бардык каттамдарын токтоткон.

Иранда ооруну жугузган беш киши аныкталып, экөө көз жумган.

XS
SM
MD
LG