Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Бишкек-Ош автожолунда 20 миң куб метрден ашуун кар түшүрүлдү


Кар көчкүнү атып түшүрүү. Бишкек-Ош жолу. Февраль, 2020-жыл. Сүрөт ӨКМге таандык.
Кар көчкүнү атып түшүрүү. Бишкек-Ош жолу. Февраль, 2020-жыл. Сүрөт ӨКМге таандык.

Бишкек-Ош автожолундагы тоолордун боорунан карды атып түшүрүү иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, 20-февраль күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда автотрассанын 231 (Итагар тилкеси), Ала-Бел ашуусундагы тоолордун үч тилкесинен жалпысынан 20 380 м3 кар түшүрүлдү.

ӨКМ жаз жакындап, күн жылымдаганына байланыштуу бийик тоолуу автоунаа жолдоруна кар көчкү коркунучу бар экенин эскертүүдө. Ага ылайык, мындай жолдордо машинелердин ортосунда 500 метрлик аралык сакталууга тийиш. (ZKo)

XS
SM
MD
LG