Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

22-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

22-февралда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, кар жана тоолуу райондорунда кар жаайт, өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17;

Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8;

Нарында түнкүсүн -17…-22, күндүз -2…-7;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 15...17 градус болот.

XS
SM
MD
LG