Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айрым тарапташтары бүгүн, 21-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдына чогулушту.
Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, мурдагы президенттин тарапташтары анын саламаттыгына тынчсызданышууда. УКМКнын имаратынын жанында турган Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранованын журналисттерге билдиргенине караганда, Атамбаевге алты депутат жолукканы жатат.
Кодуранова депутаттар Атамбаевге кездешүүнү дүйшөмбү күнү эле пландашканын билдирди. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлап кеткени тууралуу 19-февралда анын адвокаты Замир Жоошев жана уулу Кадыр Атамбаев кабарлашкан.
Кадыр Атамбаев «Фейсбуктагы» баракчасында атасынын кан басымы кескин төмөндөп кеткенин, дарыгерлер бул инсульт, инфаркт сыяктуу күтүүсүз кесепеттерге алып келиши ыктымал экенин айтып жатканын жазган.
20-февралда Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы президент менен жолугуп, ден соолугун көрүп чыгышкан. Борбордун маалыматына караганда, мурдагы президент кан басымы төмөндөп, башы ооруп жатканын айткан. Ушул эле күнү УКМК мурдагы президент Атамбаевдин абалы туруктуу жана дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин маалымдаган.
Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгарылышы, Кой-Таш окуясы өңдүү иштер боюнча бир топ оор айыптар тагылууда.
Мурдагы президент былтыр 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүнөн атайын операциянын негизинде кармалып, камакка алынган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда. 20-февралда Бишкек шаардык соту Атамбаевди тергөө абагында калтыруу чечимин чыгарды. 15-январда Биринчи май райондук соту мурдагы президенттин камактагы мөөнөтүн 15-мартка чейин узарткан.