Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Момбеков: Атамбаев абалынын начарлашынын себебин түшүндүрдү


Алмазбек Атамбаев. 2019-жылдын июнь айы.
Алмазбек Атамбаев. 2019-жылдын июнь айы.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кан басымы төмөндөп кетишинин себебин анын камактагы тарапташтарын ойлоп, санаага батып жатканы менен байланыштырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков 21-февралда Атамбаев менен жолугуп чыккандан кийин тарапташтарына билдирди:

«Ал «күнөөсү жок суракта жүргөн, камакта отурган балдарымды ойлоно берип түнкүсүн аябай түшүп кетип жатат. Мындай болчу эмес. Бирок аягына чейин чыдайм» деп айтты. Турганда ордунан жыгылып кете жаздаганын баарыбыз эле көрдүк да».

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары 21-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Атамбаевге жолугуп чыгышты.

Жолугушууга барган депутаттардын катарында Мурадыл Мадеминов, Карамат Орозова, Асел Кодуранова, Рыскелди Момбеков, Анвар Артыков жана Мухтарбек Айнакулов бар. Алар кирип чыкканга чейин мурдагы президенттин 50дөй тарапкери УКМКнын имаратынын жанында топтолуп турду.

Атамбаевдин кан басымы төмөндөп, ден соолугу начарлап жатканын бир нече күн мурда балдары жана адвокаты айтып чыгышкан. Бирок УКМК анын абалы туруктуу экенин билдирген.

Акыйкатчы Атамбаев абак шартына даттанбаганын, кан басымы төмөндөп кеткен учурлар көп болуп, медицина кызматкерлерине кайрылууга мажбур экенин айтканын маалымдаган.

Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз чыгарылышы, Кой-Таш окуясы өңдүү иштер боюнча бир топ оор айыптар коюлган.

Мурдагы президент былтыр 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүнөн атайын операциянын натыйжасында кармалып, камакка алынган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда. 15-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президенттин камактагы мөөнөтүн 15-мартка чейин узарткан. 20-февралда Бишкек шаардык соту райондук соттун бул чечимин күчүндө калтырды. (RK)

XS
SM
MD
LG