Италиялык 78 жаштагы адам коронавирустан каза тапты. Ал Кытайда чыккан, 2300 кишинин өмүрүн алган бул жугуштуу оорудан алгач ирет көз жумган европалык болуп калды.
Италиянын Саламаттык сактоо министрлиги 21-февралда каза тапкан карыя Венето аймагында жашаганын билдирди.
“COVID-19” деп аталган вирустун айынан 3300 тургуну бар Венето шаарында санитардык текшерүүлөр башталды. 50 миңге чукул адамды оору чыккан жерге жакын барбоону эскертишти.
Италияда дагы 10 кишиден бул вирус табылган.
21-февралда Кытайда 397 кишиге оору жуккан. Жалпы жонунан 76 288 адамда бул вирус табылган, каза болгондордун саны 2 345 миңге жетти. 16-февралда Фарнцияга барган кытайлык 80 жаштагы турист да көз жумган. Түштүк Кореяда 21-февралда 142 кишиден вирус табылды. Жалпы жонунан 346 адам ооруп жатат (BCh).