Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Бостонов: Чек аранын жабылышы мунай өндүрүү ишин оорлотту

Кыргызмунайгаздын жумушчулары бургулоо иштеринде. 21-февраль 2020-жыл.
Кыргызмунайгаздын жумушчулары бургулоо иштеринде. 21-февраль 2020-жыл.

Кытайдагы коронавирус эпидемиясына байланыштуу эки өлкө ортосундагы чек аранын жабык турганы мунай өндүрүүгө жана бургулоо иштерин алып барууга таасирин берүүдө.

Бул тууралуу “Кыргызмунайгаз” ишканасынын жетекчиси Рашид Бостонов “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Бургулоо иштерине колдонула турган тетиктерди сатып алууга коюлган тендерди бир топ кытайлык компаниялар утуп алган. Ошондуктан алар бардык техникаларды Кытайдан алып келмек. Коронавируска байланыштуу кыргыз-кытай чек арасынын жабыктыгы бизге таасирин тийгизгени турат. Учурда компания жетекчилигине кат жолдоп, келишимде каралган иштерди өз убагында аткарууну эскертик. Эгерде жагдай өзгөрбөсө, өндүрүштү үзгүлтүккө учуратпоо максатында Орусиядан техникалык жабдыктарды сатып алууга туура келет”, - деди Бостонов.

Учурда “Кыргызмунайгаз” менен иштешкен кытайлык 13 компаниянын ичинен үч компаниянын гана адистери келишкен. Ишкана ага карабай өз мүмкүнчүлүгүн колдонуп, бургулоо жана мунай өндүрүү иштерин алып барууда.

Былтыр ишкана 115 миң тонна мунай өндүргөн. Ал жерде 2 миңден ашуун киши иштейт. «Кыргымунайгаз» ачык акционердик коому Кыргызстандын Кочкор-Ата, Майлуу-Суу жана Ноокен аймактарында чалгындалган 11,3 млн. тонна мунай жана 4,7 млрд. метр куб газ коруна ээ. Жалпысынан анын карамагында Жалал-Абад облусундагы 35 майда мунай жана газ кендери бар. (RsK)

XS
SM
MD
LG