Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:20

Казакстанда нааразылык акциясына чыккан жүздөй киши кармалды


Нур-Султан жана Алматы шаарында бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов түзгөн “Казакстан демократиялык тандоо” кыймылынын митингинде ондогон кишилер кармалды. Саясий кыймыл Казакстандын бир нече шаарында нааразылык акциясына чыгууга үндөгөн.

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчылары Алматы шаарында кармалгандар “Шал, кет!” (“Чал кет!”), “Оян, Қазақстан” (“Ойгон, Казакстан”), “Назарбаев кетсин!” “Дарига кетсин!” кыйкырышканын маалымдады. Кармалгандар полициянын аракетине нааразы болушууда. Кабарчылар окуяны чагылдырууда тоскоолдукка учурашты.

Бул күнү нааразылык акциялары өтөрү кабарланган. Нур-Султандагы Республика проспектисиндеги “Жаштар” сарайынын жанында полициянын автобустары турат жана жарандык кийимчен кишилер жүрөт. Имаратка кирүүчү жол жабылды, жанындагы соода түйүндөр жана финансы уюмдары иштеген жок.

Саат 14:00дө Республика проспектисинде бир нече киши кармалды. Окуя болгон жерден кабарчылар кармалгандарды салган эки автобус жылып кеткенин кабарлашты. Кармалгандардын так саны белгилүү боло элек.

"Азаттыктын" кабарчылары Чымкенте полиция Көз карандысыз паркынын жанынан жыйырма кишини, Актөбөдө 10 кишини кармаганын кабарлады.

Бүгүн, 22-февралда Астана аянтында жана баш калаадагы “Жаштар” сарайынын жанында 11 жылдан бери бозгунда жүргөн оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязов жетекчилик кылган “Казакстандын демократиялык тандоо” кыймылынын митинги болору кабарланган. Кыймыл Казакстандын башка шаарларында дагы нааразылык акциясына чыгууга үндөгөн.

Казакстандык демократиялык тандоо” кыймылын оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязов түзгөн. Кыймыл 2018-жылы “экстремисттик” деп табылып, Казакстанда тыюу салынган. Башкы прокуратура болжолдонгон нааразылык акцияларынын алдында оппозиция жыйындары мыйзамсыз экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG