Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:15

Боронов: Кыргызстан Беларус менен кызматташууга маани берет


Минск шаарында өтүп жаткан кыргыз-беларус өкмөттөр аралык комиссиясынын соода-экономикалык кызматташтык боюнча жыйынынын алкагында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана беларус премьер-министри Сергей Румас жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда саясий жана соода-экономикалык байланышты күчөтүү, эки өлкө ортосундагы өз ара кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги жөнүндө талкуу болду.

“Кыргызстан Беларус менен түзүлгөн достук алакага жана өз ара кызматташууга чоң маани берет”, - деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Беларустун өкмөт башчысы Сергей Румас кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнү эки өлкөнүн мамлекет башчылары колдоорун билдирди.

Кыргызстанда Беларустун 50дөн ашуун ишканасы жана компаниясы бар. 2018-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыктын көлөмү 114 миллион долларды түзгөн.

Эки өлкөнүн алакасы 2010-жылы апрель окуясынан кийин солгундай түшкөн. Учурда сыртынан соттолгон мурдагы президент Курманбек Бакиев Минск шаарында жашайт.

2019-жылы 7-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги беларус президенти Александр Лукашенко Бакиев менен жолугушканына, аны менен расмий ачык байланыштар уланып жатканына нааразылык билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG