Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун 2020-жылга кызматташуу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. 22-февралда Баткен шаарында өткөн жолугушууга өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов жана Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода кол койду.
Иш-чаралар планы 33 пункттан турат. Анда негизинен социалдык-экономикалык кызматташуу, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт жана жаштар саясаты, үй-бүлө жана аялдар иштери, туризм, соода-экономикалык байланыш, ынтымакты жана достукту бекемдөө, өзгөчө кырдаалдар учурунда чогуу иштөө сыяктуу жоболор каралган.
Эки облустун кызматташуу планы Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери Акрам Мадумаров менен Азим Иброгим жетектеген чек араны делимитациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жумушчу жыйынынын алкагында бекитилди. (JsA)