24-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Ош, Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарында кар аралаш жамгыр жаайт. Нарын облусунун кээ бир райондоруна жана бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Жолдорго муз тоңуп, кар күрткүсү болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда жана тоолордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6,
Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…12,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -2…-7° болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн -1…+1, күндүз 7…9° болот. Күндүз жаан жаайт.