Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Италияда коронавирусту жуктургандардын саны жүздөн ашты


Ирандагы автобустардын биринде тартылган сүрөт.
Ирандагы автобустардын биринде тартылган сүрөт.

Италияда вирустан эки адам каза болду. Италиянын түндүгүндөгү Ломбардия аймагынын губернатору Аттилио Фонтана вирусту жуктургандардын саны 89 адамга жеткенин билдирди.

Италияда эки адам вирустан көз жумганы белгилүү болгондон кийин премьер-министр Жузеппе Конте өкмөт мүчөлөрүн чукул жыйынга чакырды. Өлкөнүн түндүгүндөгү 20 шаар карантинге алынды. 50 миңдей адамга бийлик үйдөн чыкпоо тууралуу эскертүү берген. Карантинге алынган аймактарды көзөмөлдөө милдети азырынча полицияга жүктөлдү. Бирок кырдаалга жараша ал аймактарга армия киргизилиши мүмкүн экени эскертилди.

Премьер-министр карантинге алынган аймактардан бир да адам атайын уруксатсыз чыкпай турганын айтты.

Бул аймактарда мектептер жабылды, футбол боюнча Италия чемпионаты баш болгон спорттук иш-чаралар токтотулду. (YI)

XS
SM
MD
LG