Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:19

Бөрүбаев: Кыргызстандын чек арасынын Өзбекстан менен 5%, Тажикстан менен 40% бөлүгү чечиле элек


Кыргыз-тажик чек арасындагы айыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасындагы айыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев «Азаттыктагы» маегинде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын 95% такталып бүткөнүн билдирди:

«Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында чечиле элек 5% гана жер калды. Ал эми Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек аранын 60% ашууну чечилди».

Бөрүбаевдин маалыматына караганда, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара маселесин чечүү тууралуу акыркы сүйлөшүүдө жер алмаштыруу боюнча сөз болгон эмес.

21-22-февраль күндөрү кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу өкмөттүк жумушчу топтун жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушууга Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров менен Тажикстандын өкмөт башчысынын орун басары Азим Иброхим баштаган жумушчу топтор катышты. Жыйынтыгында эки өлкөнүн коңшулаш жайгашкан Баткен жана Согди облустарынын кызматташтыгы боюнча иш планы бекитилди. Документке эки облустун жетекчилери кол коюшту.

Мурдагы жолугушууларда кол коюлган протоколго ылайык, топографиялык топ иштеп чыккан 114 чакырым аралыктагы макулдашылган чек ара аймагын аныктоо, чек ара аймагында шахмат түрүндө жайгашып калган жерлерди алмашуу боюнча маселелер каралган.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын мурдагы жыйыны Тажикстандын Исфара шаарында 4-5-февралда өткөн.

Кыргызстандын Өзбекстан менен чек арасынын узундугу 1378 чакырымды, Тажикстан менен 970 чакырымды түзөт. (ZKo/SE)

XS
SM
MD
LG