Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Спикердин кеңешчиси «Унаага» жетекчи болду


Марат Пирназаров.
Марат Пирназаров.

«Унаа» мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчи дайындалды. «Азаттыкка» Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлагандай, ишкананы Марат Пирназаров жетектемей болду.

Пирназаров буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси болуп иштеп жаткан. Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ал бул кызматты болжол менен эки жыл аркалап келди.

Ал эми төрагага кеңешчи болгонго чейин Пирназаров Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары болчу.

«Унаанын» мурдагы жетекчиси Алымжан Козубаев иштен 13-февралда алынган.

Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы мамлекеттик саясат стратегиясын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча иш тобунун 30-январдагы жыйынында Козубаевди кызматынан бошотуу маселеси көтөрүлүп, кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев өкмөткө сунуш киргизген.

Расмий маалыматтарга караганда, укук коргоо органдары «Унаа» ишканасынын кызматкерлерине 2018-2019-жылдар аралыгында 100дөй кылмыш ишин козгогон. (RK)

XS
SM
MD
LG