Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы чукул план жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча кечиктирилгис планын жарыялады. Планга кирген бардык иштер быйыл аткарылганы жатат.

Биринчи кезекте мыйзамдык базаны түзүү каралууда.

Мындан тышкары эл арасында түшүндүрүү, маалымдоо иштери жүрөт, зомбулук болгон үй-бүлөлөр аныкталып, жабыркагандарга жардам берилет.

Зомбулук жасаган адамдар менен өзүнчө иш жүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматы боюнча, 2019-жылы Кыргызстанда 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Анын ичинен 5752 аялга, 393 эркекке жана 168 жашы жете элек балага коргоо ордерлери берилген.

2020-жылдын январь айында өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан эки аял каза тапты. (RK)

XS
SM
MD
LG